Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Атада жол кырсыгынан үч адам каза болду

Ысык-Атада жол кырсыгынан үч адам каза болду

Ысык-Атада жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.


Ысык-Ата району, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында (Ивановка айылы) "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн.


Кырсыктын кесепетинен 3 адам (1 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) жеринде каза болуп жана 3 адам жабыркаган (2 аял, 1 эркек,) каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.


Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон адамдарды куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы алып кеткен. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн