Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыктарды көбөйтүү планы жарыяланды

25.09.2023 09:40
222
Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыктарды көбөйтүү планы жарыяланды


Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл менен Соң-Көлдө азайып кеткен балыктарды көбөйтүү планын сунуштады. Аны аткаруу үчүн бир катар иш-аракеттерди министрлер кабинети токтом кабыл алышы шарт.


Коомдук талкууга коюлган долбоордо акыркы жылдары Ысык-Көлдүн жана Соң-Көлдүн ихтиофаунасына олуттуу зыян келтирилгени байкалганы белгиленген. Карп, чебак жана чебачок балыктарынын саны кескин кыскарып, Ысык-Көл форели гегаркунинин биологиялык көрсөткүчтөрү начарлап бара жатканы жазылган.


Президенттин жарлыгы менен аталган эки көлдөн балык кармоого үч жылга мораторий киргизүү жетишсиз деп эсептейт.


"Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыктарды сактоону, көбөйтүүнү жана илимий изилдөөнү камсыз кылмайынча бир гана тыюу салуу чараларын колдонуу менен балыктын запастарын көбөйтүү мүмкүн эмес. Андыктан бир катар системалуу жана натыйжалуу иш-чараларды тез арада кабыл алуу зарыл. Мыйзамсыз балык уулоого каршы натыйжалуу мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылуу, аталган көлдөргө балык улоо объектилерин жайгаштырууга, экспорттоого жана сатууга бөгөт коюу шарт", — деп маалыматтык негиздемеде айтылат.


Мораторий механизмин ишке ашыруу үчүн сунушталган чаралар:

- Ысык-Көлдөн жана Соң-Көлдөн мыйзамсыз балык уулоону жана сатууну болтурбоо максатында натыйжалуу мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылуу;

- "Тоң балык заводу" жана "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканаларында балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү технологияларын андан ары өнүктүрүү;

- Ысык-Көл жана Соң-Көлдү балыктандыруунун көлөмүн көбөйтүү;

- Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндөгү балык запастарын сактоо жана көбөйтүү жаатындагы мамлекеттик органдарынын ортосунда ишти координациялоону жакшыртуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн