Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көл милициясы чөгүп жаткан жаранды куткарып, эс алуучулардын 500 миң сомун таап берди

16.08.2023 15:30
560
Ысык-Көл милициясы чөгүп жаткан жаранды куткарып, эс алуучулардын 500 миң сомун таап берди


Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдөн адам өмүрүн саткап, жоголгон акча каражатты ээсине таап беришти. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын Көл" эс алуу жайында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери милициянын старшинасы Дуулат Азатов жана милициянын старшинасы Шайкидин уулу
Бекмырза
көл жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн учурда көлгө чөгүп жаткан жаранды көрүп куткарып калышкан. Куткарылган жаран Ысык-Көл облусунун Түп районунун 23 жаштагы жараны болгон.


Ошондой эле Ысык-Көл облусунун "Аврора" эс алуу жайында эс алып жүргөн Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну полктун кызматкерлери милициянын старшинасы Эрлан Талгартбековго, милициянын старшинасы Бекболот Көчөровго жана милициянын кенже сержанты Мирбек Табалдиевге ири суммадагы акчасын жоготуп алгандыгын билдирип, жардам сурап кайрылган. Ошол замат кызматкер эс алуу жайдын айланасын издешип 500000 миң сом өлчөмдөгү акчаны таап,  ээсине кайтарып беришкен. Өз кезегинде ыкчам жардам көргөзүшүп, кызматтык милдеттерин так аткарган милиция кызматкерлерине жарандар терең ыраазычылыгын билдиришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн