Кечээ Ысык-Көлдө 1400 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 14-агуст күнү саат 19:10 чамаларында Түп районунун, Жылуу-Булак айылынын Өмүр батыр көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн коросундагы бастырмада жыйналган чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 20:00 до чектөөгө алып, 3:03дө толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы 72 чарчы метр бастырма жана 1400 түк чөп күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн