Кечээ Ысык-Көлдө 2500 түк чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 17:30 чамасында, Түп районунун Түп айылынын Ворошилов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда чөп күйүп жататкандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн эки бөлүкчө тартылып, куткаруучулар саат 19:20да чектөөгө алып, түнкү 2:15те толук өчүрүлдү.
Жалпы 2500 түк чөп жана 75 чарчы метр бастырма күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн