Ысык-Көлдө 3 пансионаттын базасында коронавирустан эмдөө түйүнү ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине таянып "Биринчи радио" кабарлады
Министрликтин маалыматына ылайык, вакцинаны жергиликтүү тургундар дагы, көл жээгиндеги эс алуучулар дагы ала алат.
Белгилүү болгондой, эмдөө пансионаттардын процедуралык кабинеттеринде бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өтүүдө.
Эске салсак, 11-июлда Кыргызстанга кытайлык вакцинанын 1 миллиондон ашык дозасы жеткирилип, массалык вакцинациялоо жүрүп жатат. Өлкө боюнча жалпы 360 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмделди. Дагы 1 миллион 150 миңден ашуун вакцина бар экени маалымдалды
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн