Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 04:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ысык-Көлдө К.Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

09.09.2021 15:44
1017
Ысык-Көлдө К.Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Ысык-Көлдө Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган илимий конференция өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн, 9-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарындагы #2-мамлекеттик резиденцияда Улуттук тил илиминин негиздөөчүсү, туңгуч калемгер, агартуучу, коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер, кыргыздын алгачкы профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган "КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ-АГАРТУУЧУ, ЛИНГВИСТ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК-САЯСИЙ ИШМЕР" аттуу илимий конференция өттү.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев, Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов, мамлекеттик ишмерлер, тилчилер жана Касым Тыныстановдун урпактары катышты.



Конференцияда Касым Тыныстановдун басып өткөн жолу , кыска өмүрүнүн аралыгында тарыхка, кыргыз тил илимине калтырган чоң эмгектери айтылып, эскерилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн