Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ысык-Көлдө аттан жыгылып сууга аккан адамдын денеси табылды

Ысык-Көлдө аттан жыгылып сууга аккан адамдын денеси табылды

Ысык-Көлдө сууга агып кеткен 40 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, маркум жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Белгилүү болгондой, Совет айылынын 40 жаштагы А.И. аттуу тургуну ат менен Ууру-Төр жайлоосуна мал караганы кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн.


1-июнда дайынсыз болуп жаткан жарандын минген аты Зындан айылынан тирүү табылган.


Бүгүн, 2-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн таңкы саат 04:50дө 7 куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында Совет жана Зындан айылдарынын ортосунан агып өткөн суудан сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришти.

Ал Жыргалаң суусунан өтүп жатканда аттан жыгылып сууга аккан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн