13-июлда Ысык-Көлгө чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
13-июль күнү саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айылынын пляжында (2001-ж.т Ч.А) аттуу бала чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган саат 21:30 да карангы болгондуугуна байланыштуу издөө иштери токтотулган.
Бүгүн, 14-июль күнү Ысык-Көл облусунун ӨК тарабынан 10 куткаруучу, ИИМ 5 кызматкер, жергиликтүү калктан 25 адам издөө иштерин улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн