Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан аял менен эркек киши 18 күндөн кийин аман-эсен табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан аял менен эркек киши 18 күндөн кийин аман-эсен табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 18-сентябрда 44 жаштагы А.М. аттуу эркек киши жана 45 жаштагы Р.М. аттуу аял киши Эңилчек айылынан чыгып, тоо тарапка Баш-Көл көлүнө кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 4-октябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:30да беш куткаруучу, төрт милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан үч адам, жалпы 12 адам тартылган.


“Саат 13:00дө Эңилчек айылына жетишип, түнөп калышкан. Бүгүн саат 06:00дө куткаруу тобу Баш-Көл көлүн көздөй издөө иштерин баштаган. Издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандар Теректи ашуусунан аман-эсен табылган. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн