Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө эс алууга кеткен эки орус жараны изделүүдө

Ысык-Көлдө эс алууга кеткен эки орус жараны изделүүдө

Ысык-Көлдө эс алууга кеткен эки орус жараны изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Алдын ала маалымат боюнча, кечээ Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Россия Федерациясынын 2 жараны байланыш жок дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 


Аталган капчыгайга Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу АКУ унаасы менен чыккан.

Болжолдуу жайгашкан даректен аталган эс алуучуларды табышкан эмес. Мындан улам жерге жарык киргенде издөө-куткаруу ишин улантуу үчүн болжол менен саат 4тө кайтып келишкен. 


Бүгүн кайрадан жерине саат 07:25те Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу АКУ унаасы менен чыгып кетишкен.


Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.


КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР 

(Иллюстрациялык сүрөт)

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн