Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 14:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ысык-Көлдө кайрадан сел жүрдү

Ысык-Көлдө кайрадан сел жүрдү


Бүгүн, 1-августта эртең мененки саат 6:10 чамасында саат 7:05 ге чейин катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен  Ысык-Көл районунун  Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында сел жүрүп,  түндүк тарабындагы  селди агуучу дамбанын 3 жеринен агымы шар сел суусу жеп, төмөндө жайгашкан Өрнөк айылынын Керимбаев, Жумаев, Турсунбай ата көчөлөрүн каптаган. 


ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 30 турак үйдүн короолорун, “Эдельвейс” эс алуу борборунун аймагында  жайгашкан кефелер менен соода түйүндөрүн сел каптап кеткен.  Селди агуучу дамбанын 900 метр жери жана 3 тилкеси жараксыз абалга келген. Мындан сырткары ички жолдордон болжол менен 4800 метрдей ички жолдор жарактан чыкты.


Учурда бул айылдарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетерин жоюу иштерин аткарууга  Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнөн  1 экскаватор, 1 трактор тартылып, Чоң-Сары-Ой айыл өкөтүнөн 20 адам   тазалоо иштерине чыгышты. Ал эми Ысык-Көл райондук ӨКБдөн 2 офицер жана 3 куткаруучу 1 даана мотопомпа менен сууларды сордуруу иштерин жүргүзүшүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн