Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө казакстандык жаранды унаа сүзүп кетип каза болду

Ысык-Көлдө казакстандык жаранды унаа сүзүп кетип каза болду


Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы Комсомол айылында болгон жол кырсыгы боюнча маалымат берди.


Милициянын маалыматында бүгүн, 16-июль күнү саат 07:40та Булан-Сөгөтү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталды деген маалымат түшкөн.


"Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну У.А. Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны чыгыштан батышты көздөй айдап бара жатып, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 97-чакырымында Ниссан-Микра үлгүсүндөгү унааны каптал жагынан сүзүп, андан кийин жол жээгинде келе жаткан казакстандык 58 жаштагы Д.М. аттуу спортчуну сүзүп алган. Казакстандык спортчу окуя болгон жерден каза тапкан", - деп жазылат билдирүүдө.


Бул факты Ысык-Көл РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, чогулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилген.


Тийиштүү экспертизалар дайындалды жана айдоочулар алкоголдук ичимдиктерди ичкендигин же ичпегендигин тастыктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн