Бүгүн таңкы саат 6:10дө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалыматта силкинүү Жети-Өгүз районунун Каракол айылында 5 балл, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 3 балл, ошондой эле Нарын облусунун Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилгени айтылат.
Алдын ала маалымат боюнча, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн