Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө милиция кызматкери кош бойлуу аялды ур-токмокко алганы айтылууда

23.09.2021 15:48
600
Ысык-Көлдө милиция кызматкери кош бойлуу аялды ур-токмокко алганы айтылууда

Ысык-Көлдө милициянын зомбулугуна кабылганын айткан аялдын окуясы териштирилип жатат. Бул тууралуу 23-сентябрда акыйкатчынын кеңсеси билдирди.


Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчыга арызданган аял Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери аны кармап кетип, талаага алып чыгып сабап, муунтканын жана өлтүрөбүз деп коркутканын, ошонун айынан боюнан түшүп калганын айтып берген. Анын айтымында, окуя быйыл 5-августта болгон.


Жабыркаганын билдирген аял милиционерлерди жоопко тартып, жазалоону талап кылууда.


Ысык-Көл облустук прокуратурасы арыздын негизинде Жазык кодексинин 321-беренесине (“Бийликтен аша чабуу”) ылайык сотко чейинки териштирүү башталганын, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) облустук башкармалыгы жүргүзүп жатканын билдирген. Атайын кызмат кылмышка шектелип жаткан милиционерлерге карата тийиштүү чечим чыгарын маалымдаган.


Милиция органдары окуя тууралуу азырынча өз комментарийин бере элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн