Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун аймагында мамлекетке кайтарылган жерлер тууралуу маалымат берди.
Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында төмөнкү объекттер кайтарылды:
- Түп районунун Түп айылындагы Түп колхоздор аралык курулуш уюмунун 2,30 га аянттагы курулуштары жана жер участогу; (Түп айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди);
- Түп районунун Талды-Суу айылынан 0,50 га жер тилкеси (Каркыра айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү).
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн