Ысык-Көлдө өрттөн улам 6 жашар кыз менен 4 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 14-сентябрь күнү Түп районунун Сары-Булуң айылынын Жаштык көчөсүндө турак үйдүн коросундагы чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Түп районунун №34 өрткө каршы бөлүмүнөн бир бөлүмчө тартылып саат 15:00 дө чектөөгө алып 17:45де толугу менен өчүрүлдү.
Өрт кырсыктын кесепетинен бир кыз, бир жаш өспүрүм бала каза болгон 2017-жылы жана 2015-жылы туулган.
Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн