Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылды

31.01.2024 16:03
387
Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылды


"Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ысык-Көл облустук ИИБ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кылмыш ишинин алкагында 2024-жылдын 30-январында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун "Жети-Өгүз" ячейкасынын активдүү мүчөлөрү 11 адамдын жашаган жеринде соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлгөн (А.у.М., Б.К.К., Б.у.Ж., Т.А.Д., А.А.А., Ж.у.Э., К.А.Т., М.А.О., А.у.Э., Ж.Н.Ч., А.М.А., И.у.У. жана А.М.Д. аттуу КР жарандары).

Жогорудагы адамдардын жашаган даректеринен “Хизб ут-Тахрир” уюмуна таандык түрдүү китепчелер, диний дептерлер, уюлдук телефондор табылган.

Ошондой эле ДЭУнун бир мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылган, алар экстремисттик маанайдагы материалдар басылып, ДЭУнун мүчөлөрүнө таратылган.

Учурда керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн