Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:08
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Ысык-Көлдө "Париж" пансионаты толугу менен күйүп кетти

Ысык-Көлдө "Париж" пансионаты толугу менен күйүп кетти

Кечээ, 6-февралда Ысык-Көлдө "Париж" пансионаты толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


 "ӨКМдин Өрткө каршы-куткаруу кызматы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан "Париж" пансионатындагы 300 чарчы метр аянттагы котеджде чыккан өрттү өчүрүштү. Маалыматка ылайык, алоолонгон өрт бүтүндөй имаратты каптап, толук күйүп кеткен.


Жеринде № 39 ӨК-КБдан 2 бөлүм иш алып барып, өрттү саат 16:57де чектөөгө алуу менен толук түрдө саат 18:27де өчүрүштү.


Бактыга жараша жабыркагандар жок",- деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн