Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө суунун нугу бурулуп турак үйдү суу каптады

Ысык-Көлдө суунун нугу бурулуп турак үйдү суу каптады

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 15-августта Тоң районуна караштуу Сырт жайлоосундагы “Жылуу суу” өрөөнүндөгү “Балгарт” суусунун агымына тоодон шагыл көчүп, бир үйдү суу каптагандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.


Тоң райондук ӨК бөлүмүнүн улук офицери А. Курманбек уулу, Темир-Канат айылынын айыл башчысы менен биргеликте “Сырт” жайлоосундагы “Балгар” суусуна шагыл түшүп, суу нугунан ашып жаткандыгын такташкан.


Шагылды тазалоо үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан атайын техника бөлүнүп берилген.


Учурда суунун нугун буруу жана тазалоо иштери жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн