Ысык-Көлдө токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
27-июль күнү саат 20:45 чамасында Жети-Өгүз районунун Липенка айылында көл жээгинде токой күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Каракол шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүмү, Жети-Өгүз районунун өрткө каршы бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 22:30 да чектөөгө алып 23:30 да толугу менен өчүрүлгөн.
Жалпысынан 2 гектар жер кургак чөп жана камыш күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн