Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө тоого чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан кытайлык студентти издөө уланууда

Ысык-Көлдө тоого чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан кытайлык студентти издөө уланууда

Ысык-Көл облусунда Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти 22 жаштагы Кытай жараны Сай Тунду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Кытай жараны 24-июлда Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келбеген эмес. Мындай маалымат 18-августта Ысык-Көл облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын кат аркылуу билдирилген.


Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук милиция кызматкерлери менен биргелекте ошол күндөн тарта издөө иштери жүргүзүлүүдө.


Бүгүн, 22-августта аталган жаранды издөө ишине саат 05:00дө Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн