Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынган окуя боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө

16.08.2023 09:04
444
Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынган окуя боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө


Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


Окуя 14-августта Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон. Маалыматта ымыркайдын акыреги төрөт учурунда сынып кеткени айтылат.


“Төрөттүн ар бир этабында медициналык стандарттардын сакталышын текшерүү үчүн атайын топ түзүлдү. Ал окуянын бардык жагдайын тактайт жана ага медициналык баа берет”, — деп билдирди министрлик.


Ошондой эле ички иштер органдары бул факты боюнча өз алдынча иликтөө иштерин баштаганы айтылды. Окуяга тиешеси бар бардык медицина кызматкерлеринин аракетине юридикалык да баа берилип, мыйзам бузуулар аныкталса, эң катаал чаралар көрүлөрү кошумчаланды.


Учурда эне-балага керектүү болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн