Кытай Эл Республикасынын жараны, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти, 22 жаштагы Сай Тун изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Тактап айтканда, Сай Тун Кытай Эл Республикасынын жараны.
Маалыматка ылайык, Кытай жараны 24-июль күнү Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги тууралуу маалыматты 18-августта Ысык-Көл облустук ИИБнен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу билдиришкен.
Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук ИИБнинн кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен.
Учурда издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн