Бүгүн, 16-сентябрда Ысык-Көлдө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 12:31де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Тоң районунун Дөн-Талаа, Булан-Сөгөттү, Ала-Баш айылдарында 3 баллга чейин, Көк-Сай, Кызыл-Туу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн