Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 22:36
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 5 кг ашык марихуана табылды

28.09.2023 17:45
896
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 5 кг ашык марихуана табылды


Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 5 кг ашык марихуана табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20-сентябрда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы даректердин биринен (Совет көчөсү, №95 үй) 5 килограмм 190 грамм “марихуана” табылып, алынды.

Азыркы учурда тергөө жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн