Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам жабыркады

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам жабыркады


Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Такталган маалымат боюнча, Тоң районунун Ак-Сай айылын аралап өтүүчү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 83-чакырымында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Катталган кырсыктын кесепетинен 5 эркек жана 1 аял ар кандай жаракат алышкан.


Жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы менен Тоң райондук ооруканага алып кетишкен. Кырсыкка кабылган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн Тоң райондук №38 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн