Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:20
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ысык-Көлдө жол кырсыктан каза болгон адам унааны уурдап бараткан

26.06.2020 13:34
1348
Ысык-Көлдө жол кырсыктан каза болгон адам унааны уурдап бараткан


Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир адам мерт кетип, 18 жаштагы жигит жаракат алганы кабарланган. Облустук ички иштер башкармалыгынан "Ауди А6" унаасы уурдалып бара жатканын маалымдады.


Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат Каракол ШИИБине түнкү саат 03:00 чамасында келип түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы И.Ф. жана 18 жаштагы Ш.М. Караколдогу СИЗО-23түн жанында турган "Ауди А6" унаасын уурдап качышканын такташкан. Алар Каракол шаарынын тургундары, унааны токтоп турган жеринен саат 02:30 чамасында айдап кетишкен.


Уурдалган унаа менен алар Пристань айылын көздөй бет алышкан. Бирок Ф.И. жолдон рулду башкарууну жоготуп, жол четине чыгып, бакты сүзүп алган. 18 жаштагы адам учурда Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган.


Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, унаанын ээси Жети-Өгүз районунун Ан-Остон айылынын 31 жаштагы тургуну Т.Т. экендиги белгилүү болгон. Андан унаасынын уурдалганы боюнча арыз алынганы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн