Жалган курандын 17, 2025
Убакыт: 04:43
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.030

Ысык-Көлдөгү бардык соцобъектилер оңдолуп, кайрадан курулат

13.03.2025 11:10
113
Ысык-Көлдөгү бардык соцобъектилер оңдолуп, кайрадан курулат


Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Ысык-Көл облусуна жумушчу иш сапары менен барып, аймактардагы социалдык маселелерди жеринде талкуулады.


Иш башкармалыктан билдиришкендей, ал инфраструктураны жакшыртууга, социалдык объекттерди оңдоого жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга басым жасап, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.


“Биз элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшап, социалдык объекттерде заманбап шарттарды түзүп, келечек муун үчүн бекем пайдубал курушубуз керек деп эсептейм.


Буюрса президентибиздин жеке көзөмөлү менен жарактан чыккан, колдонууга мүмкүн болбогон оорукана, мектеп, бала бакча ж.б. объекттердин баары оңдолуп, кайрадан курулат”,-деди Туманбаев.


Белгилей кетсек, иш сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү долбоорлор белгиленип, аларды ишке ашыруунун жолдору талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн