Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 01:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Ысык-Көлдөгү эки мөңгүгө БАЭ шейхинин жана Сауд Арабиясынын падышасынын ысымы ыйгарылат

30.05.2023 17:22
369
Ысык-Көлдөгү эки мөңгүгө БАЭ шейхинин жана Сауд Арабиясынын падышасынын ысымы ыйгарылат


Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Ысык-Көл облусундагы эки мөңгүгө Шейх Заид бин Султан Аль Нахайяндын жана Сауд Аравиясынын негиздөөчүсү падыша Абдул-Азиздин ысымын ыйгаруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.


Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын алабында, Ак-Шыйрак кырка тоосунун түндүк-батыш капталында жайгашкан №354 аты жок мөңгүгө географиялык "Шейх Заид бин Султан Аль Нахайян" аталышын берүү сунушталып жатканын билдирди. Ал эми Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын алабында, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан №331 аталышы жок мөңгүгө «Падыша Абдул-Азиз» аталышы.


Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Арабиясы Кыргызстанга жардам берип жатканын белгиледи. «Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда Сауд Аравиясы Мамлекеттик ипотекалык компаниясына 100 миллион доллар бөлөт», - деди ал.


Мурат Байдылдаев ошондой эле 8208 мөңгүнүн 10унун гана аталышы бар экенин баса белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн