Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 22:20
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Айып салынат. Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бири өз аймагын таштанды жайга айланткан

28.07.2023 12:30
454
Айып салынат. Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бири өз аймагын таштанды жайга айланткан


Ысык-Көлдүн туристтик жана экологиялык милициясынын кызматкерлери «Акун» пансионатынын аймагынан тоодой таштанды табышкан. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Аталган факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат реестрине катталган.


Пансионаттын администрациясы тарабынан «Аймактарды көрктөндүрүү, жарыктандыруу, санитардык тазалоо» 7-главасынын 30 жана 42-пункттарынын талаптарын бузгандыгы аныкталды.


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренеси «Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу» менен «Акун» пансионатынын администрациясын жоопкерчиликке тартуу максатында материалдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органына өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн