Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринен өрт чыкты

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринен өрт чыкты

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында "Роял Бич" пансионатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 04:52де чектөөгө алынып, 06:35те толук өчүрүлгөн.


Өрттүн кесепетинен пансионаттын кампасынын 20 чарчы метр чатыры жана ичинде курулуш материал, унаа тетиктери күйгөн.


Белгиленгендей, өттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн