Теке 28, 2025
Убакыт: 07:09
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Ысык-Көлгө 7 жаштагы бала чөгүп кетти

Ысык-Көлгө 7 жаштагы бала чөгүп кетти

Ысык-Көлдө куткаруучулар 7 жаштагы баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда саат 21:50 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский менен Кузбасский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн үстүнөн 7 жаштагы Ш.У бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.


Жерине Каракол шаардык 15-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 22:10 баланын жансыз денесин табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн