Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 16:11
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылады

17.01.2025 09:22
36
Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылады


Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылап, 71 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости палестиналык Al Aqsa телеканалына таянып билдирди. 


“Атышууну токтотуу келишими жарыялангандан бери сионисттик баскынчылардын күчтөрү 71 кишини, анын ичинде 61 адамды Газа шаарында жок кылышты”, — деген Газанын жарандык коргонуу өкүлү Махмуд Басаль.


Израиль бүгүн ХАМАСты "макулдашууну бузду" деп айыптап, келишимди бекитүүдөн баш тартты. Тель-Авив палестиналык кыймылдан келишимдин чоо-жайын ортомчулар аркылуу ырастоону талап кылды.


Ал эми ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Ришк атышууну токтотуу келишимин жактай турганын белгилеген.


Израиль менен Палестина ок атууну токтотуп, тынчтык cүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашкан. Тараптарга Катар, АКШ жана Египет ортомчулук кылган. Катар өкмөтүнүн башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани билдиргендей, келишим 19-январда күчүнө кирет. Биринчи этапта 33 израилдик туткун, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жарандар бошотулат. Жооп катары Израилден палестиналык туткундар чыгарылат.


Келишимдин биринчи этабы 42 күнгө созулат. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Катар, Египет жана АКШ Каирде биргелешкен топ түзөт.


Документтин шарты боюнча, туткундарды бошотуу, Газа секторундагы Израилдин аскерлерин акырындан чыгаруу каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн