2021-жылдын 1-февралында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдары боюнча жаңы туруктуу аба каттамдарын ачуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды, ал 2021-жылдын 5-февралынан 11-февралына, Кувейт-Ош-Кувейт 2021-жылдын 9-февралына жылдырылды.
Jazeera Airways авиакомпаниясынын директорунун орун басарынын ассистенти Риза Аль Мусавинин айтымында, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдарынын жыштыгын көбөйтүүнү, жумасына 7 жолу учурууну пландап жатышат. Учурда каттамдар жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.
Ал ошондой эле аба эркиндигинин 5-даражасын колдонуу менен Кувейт-Бишкек-Сиань каттамы боюнча учууларды ачууну пландаштырып жатышкандыгын кошумчалады.
Өз кезегинде башкармалыктын төрагасы Бактыбек Сыдыков «МЭА» ААК 24 саат бою жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн