Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланып, бүгүн, 6-августта 56 адам тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аны издөө иштерин жүргүзүүгө Тору-Айгыр айылына КР ӨКМнин суучулдар кызматынан 10 суучул, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу, Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Кочкор райондук №42 ӨКБдан 4 куткаруучу, Нарын райондук №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу, Түп районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүүгө Түп райондук №34 ӨКБдан 6 куткаруучу, көл жээгинде издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 15 куткаруучу, Каракол шарында жайгашкан "Кой-Сары" аскер базасынан 8 киши , жалпы 56 куткаруучу тартылды.
Издөө иштери тууралуу кошумча ошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-ж.т. Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн