Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиянын жыйыны Матраимовдун төрагалыгы астында өттү

11.03.2023 12:57
332
КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиянын жыйыны Матраимовдун төрагалыгы астында өттү


Кечээ, 10-мартта КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) туруктуу комиссияларынын отурумдарына катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Тагыраагы, Контролдук-бюджеттик комиссиянын жыйыны Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун төрагалыгы астында өтүп, кыргыз тарап КМШ ПААнын «Шериктештиктин балдары» эл аралык маданий-билим берүү форумун өз убагында каржылык колдоо зарылчылыгына көңүл бурду. Алсак, аталган форумдун негизги максаты эл аралык билим берүү платформасын түзүү аркылуу балдарды жана жаштарды жакын коңшулук, тыгыз кызматташтык алакага чакыруу болуп саналат.

Ал эми Илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына депутат Жаныбек Кыдыкбаев катышты. Катышуучулар 14 маселени карап, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары үчүн гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча эл аралык олимпиада жөнүндө жобонун долбоору, ошондой эле “Илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүк жөнүндөгү” типтүү мыйзамдын жаңы редакциясынын концепциясы талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн