Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Каалгадагы жазуулар

08.02.2021 12:17
506
Каалгадагы жазуулар


Үйдүн каалгасындагы жазуу:
“Дүйнөдөгү эӊ жылуу жай -- үй-бүлө,
Ошондуктан үй-бүлөнү сүйгүлө”.
Президенттин каалгасындагы жазуу:
“Элим, сага кулдай кызмат кылайын,
Эмгегимден сүйүүӊдү сезип турайын”.
Өкмөттүн каалгасындагы жазуу:
“Эл-журтумдун ырыскысын жебейин,
Жеген болсом, башым менен төлөйүн!”
Депутаттын каалгасындагы жазуу:
“Адилеттүү мыйзамдарды жазайын,
Жегичтердин берсин мыйзам сазайын!”.
Прокурордун каалгасындагы жазуу:
“Мыйзамдарга нарктай көӊүл бөлөлү,
Наркыбызды мыйзам сындуу көрөлү”.
Врачтын каалгасындагы жазуу:
“Гиппократка берген антым актайын,
Эл- журтумдун ден соолугун сактайын”.
Ресторандын каалгасындагы жазуу:
“Арам тамак ичем деген кирбесин,
Арам тамак жегенди эч ким билбесин”.
“Мектептин каалгасындагы жазуу:
“Ийгиликке билим менен жетесиӊ,
Билим менен тагдырыӊды чечесиӊ!”
Филармониянын каалгасындагы жазуу:
“Машыгып, күнү менен, түнү менен,
Ырчылар ырдасын өз үнүн менен!”
“Тазалык” ишканасынын каалгасындагы жазуу:
“Ала-Тоодой жеримди пир колдосун,
Алакандай жери да кир болбосун!”
Жазуучулар союзунун каалгасындагы жазуу:
“Жазуучулар, жакшы китеп жазалы,
Жакшы гана китептерди басалы”.
Мечиттин каалгасындагы жазуу:
”Кудай”дейли учканча “жылдыз” болуп,
Кыргыз боорум, жашайлы “кыргыз” болуп!
Архибдин каалгасынагы жазуу:
“Алды -табышмак, арты - тарых дүйүйө,
Аны сен, адам, ойлоно жүр күнүгө”.
Таксинин каалгасындагы жазуу:
“Отурганча- жүргүнчүнүн көӊүлү,
Отурган соӊ- кымбат анын өмүрү”.
Улуттук банктын каалгасындагы жазуу:
“Акчадан да баалуу нерсе барын бил,
Ал--ар-намыс, уят жана абийир!”
Китепкананын каалгасындагы жазуу:
“Китеп окуй баштаса, ар бир кыргыз,
Китепкөй болор беле бардык кыргыз..?”.
Сыйлык ыйгаруу комиссиясынын каалгасындагы жазуу:
“Экинчи сыйлык сурап келбегиле,
Алгандар кайра кайрып бербегиле..!”
Мамлекеттик кызмат агенствосунун каалгасындагы жазуу:
“Учурдагы кыйын шарттан чыдагыс,
Дили таза адис менен чыгабыз”.
Мамлекеттик мүлк фондунун каалгасындагы жазуу:
“Элибиздин эртени жок дебейли,
Эл байлыгын ач көздөнүп жебейли!”

Сулайман РЫСБАЕВ, профессор, жазуучу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн