КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусунун Кадамжай районуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында кардиологиялык борбор ачылып, ишке берилди.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кадамжай районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы кардиологиялык жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү бөлүмдөрүнүн ачылышына катышты.
Алгач облус башчысы жана саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте аталган борбордун ишмердүүлүгү жана шарттары менен таанышты.
Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жана саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сөз сүйлөп, мындан ары элдин саламаттыгын сактоо багытындагы иштерди көбөйтүү менен Баткен облусуна өзгөчө көнүл бурулаары айтылды.
Кадамжай районундагы аталган борборго Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ангиография(жүрөк кан тамырларын изилдөөчү) аппаратын тапшырды.
Аталган аппарат:
Жүрөктүн кан тамырларын текшерет жана жүрөктүн жабык түрүндөгү операциясын жасайт.
Денедеги бардык тамырларды текшерип ошондой эле жүрөгү тубаса кемтик төрөлгөн балдарга жабык түрүндөгү операциясын жасоого болот.
Жүрөктүн көңдөйүндөгү кан басымын ченөөгө болот.Ошондой эле бул аппараттын жардамы менен жүрөктүн көңдөйүнө электро кардио стимулятор койсо болот.
Аталган аппараттын кызматынан облустун бардык тургундары медициналык жардам алууга болот.
Жылдан жылга көйгөйлүү болуп келе жаткан жүрөк кан тамыр ооруларынын кескин түрдө өсүүсүнүн негизинде алгач кардиология жана кардиореанимация бөлүмү ачылды.
Ошондой эле борбордо кошумча кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү да ачылды.
Бул бөлүмдөн жарандар кардиолог, акушер гинеколог,хирург травматолог,педиатр жана терапевт дарыгерлеринен медициналык кызмат ала алышат.
Белгилей кетсек Кадамжай райондук жалпы дарыгерлик практика борбору 200 минден ашык элди тейлейт .18 үй-бүлөлүк тобу 22 ФАП жана 14 бөлүмдөн турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн