Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кадамжай районунда рейд өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

18.11.2021 09:45
1899
Кадамжай районунда рейд өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


2021-жылдын 17-ноябрь күнү Кадамжай районунун аймагында “Укук тартип” жана “Камкордук” аталышындагы иш-чаралар башталып, Кадамжай РИИБнин өздүк курамы мобилдик топторго бөлүнүп, түнкү жана күндүзгү рейддерди уюштурду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


Жогоруда аты аталган иш-чаранын алкагында район аймагындагы жарандарга жолдо жүрүү эрежелери, коомдук жайларда укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мектептерде мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында маектешүүлөр жүрдү. Айыл аймактарда жергиликтүү тургундар арасында паспорттук режимдер өткөрүлдү.


Бир күндүк “Укук тартип” жана “Камкордук” иш-чарасынын жыйынтыгында 2 мас айдоочу кармалып, 18 айдоочуга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулду. Ал эми паспорттук режим боюнча жалпысынан 660 кожолукту камтыган 330 атуул текшерилип, курулуш бүтпөй калган 9 имараттын чатырлары, жер төлөлөрү толук текшерилип чыкты. Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 81-беренеси менен 5 атуулга, 53-беренеси 8 атуулга айып пулдар салынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн