Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 02:53
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Кадамжайда мурда соттолгон жарандын короосунан жарым килограмм баңгизат табылды

12.12.2022 11:27
569
Кадамжайда мурда соттолгон жарандын короосунан жарым килограмм баңгизат табылды



     Баткен облустук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну Д.Т. жашаган үйгө кызматтык иттин жардамы менен тинтүү жүргүзүшүп, анын короосунан скочтолгон 508 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар затты табышкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

 

  Бул факты Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, "апийим" баңгизаты экендиги аныкталды. 

 

   Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн