Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калып жолдогу унааларды жана топтолгон адамдарды сүзүп кеткен

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калып жолдогу унааларды жана топтолгон адамдарды сүзүп кеткен

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Алдын ала маалыматка ылайык, Чечме айылында жайгашкан “Чечме” өткөрүү постунда КамАЗ оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып өткөрүү постунда жайгашкан имаратты жана токтоп турган унааларды сүзгөн (жабыркагандар жана унаалардын үлгүлөрү такталууда).


Учурда ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылды. Жабыркагандарды унаалардын ичинен алып чыгууда.


Алдын ала маалыматка караганда, жол кырсыгынан жети адам каза болгон.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн