Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кадамжайда сел жүрүп, бир нече турак үйлөр жабыркады

Кадамжайда сел жүрүп, бир нече турак үйлөр жабыркады



1-август күнү саат 21:30дар чамасында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына караштуу Алыш айылында жааган жаан чачындын кесепетинен сел жүргөн.  Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.


ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнүн алдын ала берген маалыматы боюнча Алыш айлында 17 турак үйдүн королорун, анын ичинен 7 турак үйдүн жер телөсүнө сел суулары кирген. Сел кетүүчү сай ичиндеги 4км ички чарбалык жолду бузуп кеткен, учурда каттам кыйынчылык менен өтүүдө.


Сай жээгиндеги 13 огороддун жээгин алып эрозия жараткан. Сугат суу берүүчү каналдын 3 жерине кум-шагал толтурулуп, РЭС ишканасына караштуу 4 столбаны бузуп кеткен.  


Ошондой эле Үч-Коргон а/а Валакыш айылындагы сел кетүүчү сайдан сел жүрүп сай ичиндеги 700м ички чарбалык жолду бузган.


 Сел жүргөн аймакта Кадамжай райондук ӨКБнүн башчысы капитан Р.Айтиевдин башчылыгында улук лейтенант А.Алимбердиев жана райондук ЖК комиссиясы иликтөө, тактоо иштерин жүргүзүүдө. 


 Көтөрмө а/а Кызыл-Булак айылындагы сел кетүүчү сайдан сел жүрүп сай ичиндеги 200м ички чарбалык жолду бузган. Азыркы убакта ЖК комиссиясы иликтөө тактоо иштерин жүргүзүүдө. 


Тартылган күч каражаттар:

Масалиев а/а 2 жүктөгүч (1 техн. а/өкмөттөн, 1 техн. жеке менчик). Райондук ӨКБнөн 2 офицер, №75 ӨККБнөн 10 куткаруучу тартылды.

Үч Коргон а/а жергиликтүү элден 10 адам тартылды.


Кошумча маалымат берилет!


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн