Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кадамжайда түнү менен дүкөндү тоноп кеткен жаран кармалды

23.05.2023 11:28
279
Кадамжайда түнү менен дүкөндү тоноп кеткен жаран кармалды

Кадамжайда дүкөнгө уурулукка кирген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-майынан 22-майга караган түнү Үч-Коргон айыл аймагынын Х.Дадабаев көчөсүндө жайгашкан "Лаззат" дүкөнүнө саат 02:00 чамасында белгисиз атуулдар кирип, 46000 миң сом акчасын жана 15  миң сомдук буюмдарын алып чыгып кеткендигин Үч-Коргон айыл аймагынын 67 жаштагы тургуну Ф.Д. арызында көрсөткөн. Жаран Ф.Д. арызы Кадамжай РИИБдин маалыматтык электрондук журналына 205-беренесинин негизинде уурулук фактысы менен катталган. Катталган арыздын негизинде ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары А.Масалиев айыл аймагынын тургуну 31 жаштагы И.О. аныкталып, азыркы учурда тергөө кызматына камсыз кылынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн