Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кадамжайда заманбап ФАП ачылды

24.12.2021 11:03
1158
Кадамжайда заманбап ФАП ачылды

Кадамжайда 700 кожолукту тейлей турган 

Кадамжай районунун Таш-Коргон айлында заманбап Фаптын ачылышы болду. Бул тууралуу Кадамжай райондук администрациясынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жаңы ачылган ФАП 700 кожолуктагы үч миңден ашык адамды медициналык жактан тейлейт.


Имараттын ачылуу аземине Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Б.Коргонбаев катышып, жергиликтүү элди жакшы саамалык менен куттуктап, ошону менен эле биргеликте айлана чөйрөсүн иретке келтирип, имараттын ичине керек болгон эмеректерди жана жабдыктарды алуу боюнча тапшырма берди.


Жогорудагы имараттын курулуусуна смета боюнча 8 млн сомдук долбоор “Катар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте иш жүзүнө ашырылды. Бул сумманын ичинен 1,5 млн сому айыл өкмөттүн эсебинен которулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн