Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кадамжайда жол кырсыгынан каза болгондордун экөө ӨКМ кызматкерлери болгон

Кадамжайда жол кырсыгынан каза болгондордун экөө ӨКМ кызматкерлери болгон

21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды.


Алдын ала маалыматка ылайык, Чечме айылында жайгашкан “Чечме” өткөрүү бекетинде КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) жол кырсыгына кабылган.


Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында үйлөрдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан бул автоунаада, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан. 


Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинен ӨКМдин 2 кызматкерлери каза болгон жана 7 адам жаракат алган.


Кырсык болгон жерге ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылды.

Кырсыктын кесепети такталууда, кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн