Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кадамжайда жүргөн селдин кесепеттерин тазалоо иштери уланууда

Кадамжайда жүргөн селдин кесепеттерин тазалоо иштери уланууда



Кечээ, 18-май күнү саат 13:30дар чамасында катуу жааган жаандан улам Кадамжай шаарында сел суулары келип, турак үй жана социалдык объектилердин короолоруна кирген. Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Баткен облусундагы куткаруучулар тартылып, жеринде башкармалыктын башчысы полковник О.Э.Пазыловдун жетекчилиги менен координациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Бүгүн, 19-май күнү 4 куткаруучу “Солнышко” балдар бакчасында, 4 куткаруучу Кыргыз лицейинде, Звездная көчөсүндө 12 куткаруучу, Эрмек Бий көчөсүндө 8 куткаруучу жана 4 куткаруучу Нуридин улакчы көчөсүндө тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин саат 08:00дөн баштап колго алышты.


Ошондой эле, Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй айылында 11-май күнү келген селден кийинки калыбына келтирүү иштерине айыл өкмөттөн 1 бирдик жүктөгүч жана 10 жаран тартылды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн