Экономикалык кризис сыяктуу эле руханий кризис дагы өлкөдөгү стабилдүүлүктүн олку-солку болушунун себептеринин бири. Курсагы ток болсо да, жан дүйнөсү тынч эмес, руханий жактан ачка адам бактылуу боло албайт. Анткени адам баласы айбанаттардан акыл-эси менен айырмаланат.
Бардык жапайы да, бакма да жаныбарлар үчүн курсагынын тойгону бакыт. Ал эми тукум улоо, кышкы суукка, жайкы аптапка ылайыкташып жашоо айбанаттарда инстинкт аркылуу ишке ашат. Бир гана адам баласы баарын акылга салып калчап жашай тургандай жаратылган. Адам баласы үчүн курсакты ток кармоо, үй-бүлөсү үчүн камкордук көрүү, эмгектенүү, билим алуу, өзүнө ыңгайлуу шарт түзүү сыяктуу муктаждыктар менен бирге руханий жактан азыктануу да өтө маанилүү.
Акыркы отуз жылдан бери мамлекетибизде идеологиялык багыттын жоктугунан улам, калктын дээрлик басымдуу бөлүгү көр-тиричиликтин сазына белчесинен батты. Бир бөлмөлүү үйдү эки бөлмөлүү кылуу, бир кабат үйдү эки кабат кылуу, башкалардан кем калбай 300-400 кишини чакырып той берүү, башкалардан кем калбай кийинүү сыяктуу гана материалдык дүйнөнүн алкагында жашап келатканыбызга отуз жыл болду. Ошол эгемендик алган жылдардан кийин жарык дүйнөгө келген жарандар үчүн бул кадимки жашоо мыйзамына айланды. Руханий баалуулуктар, адеп-ахлак, ар-намыс, абийир деген нерселер колдонуудан чыгып калган буюмдай абалда.
Натыйжада эмне болуп жатат? Кече эле баш кошуп, эртеси кайра ажырашкандар көбөйдү. Балдар тирүүлөй жетим калып жатат. Өгөй кызын, алтургай өз кызын зордуктаган «айбандар», өз энесин, өз атасын сабаган, алтургай өмүрүн кыйган балдар чыкты. Өз өмүрүнө өзү кол салгандар да аз эмес. Улуу урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүү жоголду. Пикирлери келишпегендер маданияттуу түрдө сөз менен эле өз позицияларын билдирүүнү унутуп, чучукка жете турган оор сөздөр менен айтышып, же дароо эле мушташа турган болушту.
Мындан жыйырма жыл илгери эле кыргыздын кыздары ич кийимчен сүрөткө түшүү дегенди билишпесе, азыр өздөрүн өздөрү көчүк-башын көргөзүп сүрөткө, видеого тартып анысын «Тик-ток» деп соцтүйүндөргө жарыялап отурушат. Канчалык көбүрөөк адепсиз видеолорду тартып чыгарышса, ошончолук көбүрөөк «просмотр» менен «лайк» алышып, анан өздөрүн белгилүү блогер деп атап калышты. Аларды адептүүлүккө чакыргандарды «Диванда жатып алып сындай бересиңер» деп басынтууга өтүштү. Андай жаштарды же ата-энеси, же мамлекет кой-ай деп оң жолго салбай койгонунун кесепетинен спирт ичимдигин бөтөлкөсү менен ктөрүп ичип, деги эле кыз киши оозго алып сүйлөбөй турган сөздөр менен элди сөгүп жаткан видеолор да чыга баштады.
Уят-сыйыт, адеп, абийир деген баалуулуктар жоголду. Эмнеге? Себеби, биз 30 жылдан бери карай «калагы жок кайыкта» жашап келатабыз. Албетте, ар бир үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо ата-эненин милдети. Ал эми мамлекеттеги жалпы калктын тарбиясын камсыздоо мамлекеттин милдети эле. Ошол нерсе 30 жылдан бери жок. Деңиз бетинде калагы жок кайык кайдан шамал айдап, толкун кай тарапка кетсе, ошол жакка кете берет. Дейди кайык болдук. Эгер толкун катуураак болуп кетсе, анда ал кайык оодарылып түшөт. Ал эми калагы бар кайыктын багыты болот. Күчтүү толкундарга да оодарылып калбашы үчүн калак керек.
Руханий кризис чегине жетип келатат. Мындай кризис Жогорку Кеңешке чейин жетип алганына көп болду. Кычыраган костюм-шым, галстук, жалтыраган бут кийим маданияттуулуктун, билимдүүлүктүн белгиси эмес. Бири-бирине муштумун көтөрүп чуркоо эр жүрөктүк, баатырдык эмес. Бул руханий жардылануу. Демек, экономиканы көтөрүү менен бирге руханий баалуулуктарды да көтөрүп, коомду тарбиялоону азыртан колго албасак, эртең өтө кеч болуп калат.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (2)