Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Калк кадырлаган академиктин китептери

26.02.2024 09:53
903
Калк кадырлаган академиктин китептери


Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаев үчүн өткөн жыл унутулгус жылдардын бири болуп калды окшойт. Анын 70 жылдык мааракеси өлкөбүздө кеңири белгиленди: илимий конференциялар, салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп, Ардактуу профессор наамы улуттук консерватория, Ж.Баласагын атындагы КУУ, К.Карасаев атындагы БМУ, Салымбеков университети, ОшМУ сыяктуу жогорку окуу жайлары тарабынан ыйгарылды. Өмүр жолу, саясый жана илимий ишмердүүлүгүнө арналган даректүү фильм тартылды, телерадио берүүлөр уюштурулуп, гезиттерде, сайттарда юбилейлик макалалар, акындардын ага арнаган ырлары жарыяланды. Ошондой эле анын акыркы жылдары Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы кызматын коомдук башталышта жигердүү жетектеп берген ак эмгегин, эң негизгиси, өзү президент кызматын аркалап турганда “ана-мына жоюлат” деп кылдын учунда турган, жылдан жылга баркы кетип, урап бараткан УИАны күрөшүп жүрүп, аман-эсен сактап калган эрдигин эске алуу иретинде “Манас” ордени ыйгарылды. 


Өткөн жылдагы дагы бир урунттуу окуя: 70 жылдык юбилейине карата атактуу академиктин 8 томдон турган, 200 басма табак көлөмүндө илимий-публицистикалык эмгектери жарык көрдү. Китепти кадырлап сыйлаган академик үчүн эң олуттуу окуя балким ушул болгондур, себеби, бул томдуктар агайдын акыркы 50 жылда жазган эмгектерин негизинен толук камтып турат. Көрүп эле жүрбөйлүбү республикалык А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын китеп сактоочу караңгы жайында эч ким окубай чаң басып, күндү көрүүгө зар болуп жаткан китептер көп, ал эми академик А.Эркебаевдин китептери окурман журту колунан түшүрбөй пайдаланган баалуу табылга болуп саналат. Алыкулдун, Байдылданын китептери кандай көп окулса, А.Эркебаевдин китептерине да ошондой суроо-талап арбын, ал эми окумуштуулар, аспиранттар үчүн бул китептер качан эле кол китеп (настольная книга) болуп калган. Академик А.Эркебаев таңсык болуп табылбай, раритетке айланган китептерин кайра бастырып, өзүнүн миңдеген окурмандарына кубаныч тартуулады.


Эмесе, кеп кезеги ушул жыйнактар тууралуу болсун. Китептер тематикалык, жанрдык өзгөчөлүгүнө карай бөлүнүп, хронологиялык тартип менен чыгарылган. А.Эркебаевдин “Адабият дүйнөсүн аңтарып...” (Б.: “Улуу Тоолор”-2023) деп аталган эки томдугуна илимий изилдөө сыпатындагы эмгектери жана адабий сын макалалары кирген. Өткөн кылымдын 70-жылдары А.Эркебаев кыргыз адабият айдыңын кара кылды как жарган сенсациялуу сын макалалары менен дүңгүрөтүп, даңкы далайга угулуп турган мезгил болгон. Ошол 1970-жылдардын экинчи жарымында Москвада аспирант кезинде күнү-түнү тынбай иштеп, чымырканган изденүүлөрүнүн жемиши катары Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына арзыган “Азыркы учур жана кыргыз поэзиясы” (1980) деген тунгуч китебине кирген курч макалалары, андан кийин “Очерк – майда жанр эмес”, “Кыргыз прозасынын контрасттары”, “Повесть жанрынын кээ бир маселелери”, “Азыркы аңгеме жөнүндө сөз”, “Жаштар үнү кандай?” деген сыяктуу адабий жанрларга сереп салган обзордук макалалары, айрыкча ошол кездеги поэзиянын өнүгүүсүнүн проблемаларын иликтеп, маселени кабыргасынан койгон “Жаңычылдыктын зарылдыгы”, “80-жылдардагы поэзиябыздын арымы”, “Романдын кези келдиби?”, “Жаш сынчылардын калыптанышы: чыныгы жана кайчылаш жолдор”, “Жаңыча ойлонуу жана эски стиль”, “Кайра куруу жана роман” сыяктуу устарадай курч проблемалуу макалалары ушул китептен орун алган. Ишенимдүү илимий-теориялык талдоо, жыйынтыктары менен кыргыз адабий сынын эстетикалык жаңы деңгээлге көтөргөн, анын тарыхында өзгөчө орунда турган бул макалалар кезинде окурман журтунун сүйүп окуган, адабий чөйрөдө кызуу талаш-тартыш, талкуу жаратканын эске сала кетели. 2-китептин “Сын жана сынчылар” деп аталган бөлүмүндө кыргыз адабият илиминин, сындын шаалары К.Укаев, К.Асаналиев, С.Жигитов, К.Бобулов, К.Артыкбаев, К.Даутовдордун эмгектери боюнча жазган макалаларында алардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн ачып берип, улуу муундагы сынчылар менен жасаган полемикалары да кызыктуу. А.Эркебаевдин сынчылык өнөрүнүн бир өзгөчөлүгү полемист катары чеберчилигинде. Ал эми илимий эмгектер боюнча жазган макалаларында фактыларга, тарыхый булактарга такыбалык менен мамиле жасап, так эместиктерди кетирген, теориялык калпыстыктарга жол берген окумуштууларга олуттуу дооматтарды коёт. Ал эми “Адабий портреттер” бөлүмүндө Ч.Айтматов, С.Эралиев, К.Акматов сыяктуу кыргыз адабиятынын классиктеринин адабиятка алып келген философиялык, көркөм-эстетикалык жаңылыктарын алаканга салгандай ачып берген. 


А.Эркебаев 1989-жылы “Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды” иштеп чыккан авторлордун катарында болуу менен мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына чоң салым кошуп, анын жүзөгө ашырылышына да кам көргөн чыгаан атуулдарыбыздын бири. Ушуга байланыштуу “Мамлекеттик тил маселелери”, “Диниңди сатсаң да тилиңди, дилиңди сатпа”, “Сөз эмес, иш керек” сыяктуу тил көйгөйлөрүн козгогон курч макалалары китептен орун алган.


А.Эркебаевдин адабият маселелерин орус тилинде изилдеген китеби “О кыргызской литературе” ( Б.: “Улуу Тоолор”-2023) деп аталып, мында “Малоизученные страницы истории кыргызской литературы”, “Кыргызский роман: истоки, пути становления, поэтика и типология”, “Чынгыз Айтматов. Совест своего народа” деген эмгектери камтылган. Бул изилдөөлөр терең илимий-теориялык мүнөздөгү фундаменталдык эмгектер. Биринчисинде фольклордун теориялык маселелери менен бирге тоталитардык мезгилде тыюу салынган Орток түрк адабияты, Калыгул, Молдо Нияз, Арстанбек, Молдо Кылыч сыяктуу замана поэзиясынын өкүлдөрүнөн тартып, ХХ кылымдын 30-жылдары репрессиянын курмандыгы болуп кеткен алгачкы муундагы К.Тыныстанов, С.Карачев, О.Лепесов, З.Лепесова, М.Түлөгабылов, Б.Калпаков, И.Максутов, К.Баязыков, К.Мажиков, А.Акунбаев, И.Кудайбергенов, М.Байчериков өңдүү профессионал адабияттын алгачкы карлыгачтарынын чыгармаларын биринчи жолу илимдин предметине айландырып, талдоонун тегирменине салып, кыргыз адабият тарыхына жаңылык киргизген. Ал эми экинчи эмгеги кыргыз адабиятында роман жанрынын пайда болушу, калыптануусу, өнүгүүсүнө байланышкан теориялык маселелерди кырынан коюп, чечмелелеген. Үчүнчү эмгек Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган макалалар циклы. Залкар жазуучу тууралуу А.Эркебаевдин жазгандары айтматов таанууда өзгөчө орунду ээлеп, оригиналдуулугу, илимий-теориялык жагынан тереңдиги, салыштырма-типологиялык планда изилдеген жаңылыгы менен өзгөчөлөнүп турат. 


Искусство, илим, тарых тууралуу жазган эмгектери өзүнчө китепке топтолгон. А.Эркебаев “Өнөр, илим жана тарых тууралуу” (“Б.: “Улуу Тоолор”-2023) деп аталып, Тургунбай Садыков, Дарика Жалгасынова, Болот Шамшиев сыяктуу өнөр адамдары тууралуу макалалары менен башталган бул китепке А.Алтмышбаев, А.Салиев, К.Каракеев, Ж.Жээнбаев, М.Мамакеев, Ж.Акималиев, К.Сулайманкулов, А.Бакиров, Т.Койчуев, Ж.Шаршеналиев, Ж.Жоробеков, Ж.Бөкөшев, Ө.Козубаев, Ж.Сааданбеков, О.Ибраимов сыяктуу кыргыз илимине чоң салым кошкон кашкөй алтандардын адамдык портретин тартып, илимий ишмердүүлүгүнө жогору баа берген макалалары, ошондой эле азыркы учурда коомдук илимдердин өнүгүү тенденциялары жана проблемаларын чагылдырган эмгеги кирген. Ал эми “Тарыхка көз чаптырсак” деп аталган үчүнчү бапта падышалык Россиянын жана СССР империясынын курамында тургандагы кыргыз элинин тагдыры, анын оң-терс жактары, социалдык-экономикалык абалы тууралуу олуттуу ойлорго каныккан эмгеги жайгашкан. “Дүйнөлүк тарых жана кыргыздар цивилизациялык өңүттө” аттуу жаңы эмгегинен эки бап киргизилген. Мында жалпы дүйнөлүк тарыхтын теориялык маселелери каралган. Бул эки бапта тарых илиминин теориясы жана философиясы салыштырма-типологиялык багытта терең изилденген. 


А.Эркебаев 1990-жылдардан бери чоң саясаттын кайнаган казанында келатат. 2005-жылга чейин аткаруу бийлигинде да, мыйзам чыгаруу бийлигинде дагы жетекчилик кызматтарда иштеп, эгемен өлкөбүздүн пайдубалын түптөгөн алгачкы муундагы мамлекет жетекчилеринин бири. Ал саясатка кокустан аралашып калган жок. СССРде 1985-жылдары демократиялык процесстер башталганда Кыргызстан коммунисттик бийликтин чеңгелинен чыга албай, “Белгисиз республика” деген атка конгон. Кайра куруу мезгилинде көкүрөгүндө намысы бар эр азаматтар тайманбай улуттук кызыкчылыктарды козгоп, пленумда бийликтин эки тизгин бир чылбырын кармап турган Кыргызстан КП БК катчысы Г.Н.Киселевдун алдына жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, маселени кабыргасынан койгон жаш саясатчылардын бири А.Эркебаев эле. Коммунисттик бийликти сындап, элдин таламын талашкан ошол алгачкы муундагы демократтардын катарында А.Эркебаев да болгонун Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматовдун, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун эскерүүлөрү далилдеп турат. Бийликте өзү айткандай “төө да минди, жөө да жүрдү”, жеңиштин ырахатын көрдү, жыдып, жеңилүү ызасын тарткан учурлары болду, бирок адилеттүүлүктөн тайган жок, бекем принциптери бар, таза инсан экенин көрсөттү. Ооба, ал президент А.Акаевдин командасында иштеди, бирок авторитардык бийлик учурунда куйругуна калбыр байланган башка жандоочуларга окшоп, үй-бүлө мүчөсү болгон жок, оюн түз айтып, эркин, көз карандысыз бойдон калды. “Аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабаган заманда” (Т.Чынгышев) кимдер гана казынага кол салып, туйтунбады. Бийлик ушундай системалуу коррупциялашкан кезде А.Эркебаев жеке кызыкчылыгын, кара курсагын гана ойлогон башка жетекчилерге окшоп, мамлекеттин мал-мүлкүнө кол салган жок. Бирок ал өзүнүн терең ишенимдерине таянып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон. 1994-жылы эки палаталуу парламент түзүү демилгеси көтөрүлгөндө бул Конституцияга карама-каршы келе турганын, кош палаталуу парламент федеративдүү өлкөлөрдө болорун айтып, ал жетектеген Ош облусунун эл депутаттарынын облустук кеңешинин ХVII сессиясынын делегаттары 1994-жылы 16-июлда президент А.Акаевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы М.Шеримкуловго кайрылуу жасашкан. Бул каттын тексти А.Эркебаевдин “Ата-Журт жана саясат” (Б.: 2023) деген эки томдугуна кирген. Ушул фактынын өзү А.Эркебаев өз алдынча чечим кабыл алып, президенттин туура эмес саясый иштерин колдобой, сындап, өзүнүн полемисттик духунан кайтпаганын далилдеп турат. Бул китепте А.Эркебаевдин өлкөбүздүн акыркы 33 жылдагы саясый турмушу, социалдык-экономикалык проблемаларга байланыштуу жазган макалалары, берген маектери орун алган. Анын коомдук турмушка, өлкөнүн саясый, социалдык-экономикалык өнүгүү жолдоруна берген баасынын адилеттүүлүгүн, талдоолорунун тереңдигин, божомолдорунун тууралыгын реалдуу турмуш өзү далилдеп көрсөткөнү окурманды ыраазы кылбай койбойт. Бул китепте өлкөбүздүн акыркы отуз жылдык тарыхы камтылган десек болот. Ушул мезгилде болуп өткөн бардык коомдук-саясый окуяларга, мамлекеттик төңкөрүштөргө А.Эркебаев баа берип, алардын келип чыгуу себептеринен бери көрсөтүп, аналитикалык талдоолорду жасап, республикабыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, оголе көп жүргүзүлгөн конституциялык реформаларга объективдүү талдоолорду жасап, келечекке туура прогноздорду кылган.


 “Ата-Журт жана саясат” томунун 2-китеби Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин, өзү менен аткаруу бийлигинде, мыйзам чыгаруу жаатында чогуу иштешкен жана үзөңгүлөш жүргөн демократ замандаштарынын портреттеринен турат. “1990 год: приход к власти А.Акаева” аттуу көлөмдүү эмгеги 90-жылдардагы тарыхый окуялардын изи сууй электе жазылып, 1997-жылы өзүнчө китеп болуп жарык көргөн. Бул эмгегинде автор ошол 1990-жылдардагы коомдук-саясый кырдаалга кеңири токтолуп, эл депутаттарын шайлоодо номенклатура жеңишке жеткенин өзгөчө белгилеп, Ош окуясынан кийин күзүндө түзүлгөн саясый кырдаалга объективдүү баа берип, бийлик алмашуу процедурасын ар бир нюанстарынан бери тыкыр баяндаган. Бул эмгек эгемен Кыргызстанда 1-президентти шайлоонун тарыхы десе да болот. Андан кийин өлкөнү 24 жыл башкарып, экономикалык өнүгүү дооруна алып келген Турдакун Усубалиевдин саясый портретине орун берилген. Бул макалада автор Т.Усубалиевдин саясый ишмер катары калыптануусунун эволюциясын терең изилдеп, ал жетекчилик кылган мезгилдеги социалдык-экономикалык, тарыхый-маданий жетишкендиктердин шарттарын жана себеп, натыйжаларын ичкериден терең ачып берген. Ошондой эле бийликтен түшкөндөн кийин дагы чөгүп калбай, белин бек бууп, коммунисттердин “салты” боюнча кызматтан кеткен кишини мокочо кылып көрсөтүү кампаниясы жүрүп, “Кыргызстанды Т.Усубалиев орусташтырган” деген ушак таратылып (орустар ХIХ кылымда эле келип, орус кыштактары орун-очок алып, кыргыздар тоого сүрүлүп, Үркүн ошондон улам чыкканы, орустар өзгөчө 1940-жылдары, согуш мезгилинде эвакуацияланып, өтө көп отурукташып, И.Раззаковдун тушунда эле Фрунзе орусташып калганы тарыхый факт экенин эч ким тааныгысы келбей, ошол эле учурда бул эки лидерди бири-бирине карама-каршы коюп, И.Раззаковду көтөрө чалып мактоо, Т.Усубалиевди каралоо саясаты тымызын жүрүп жатканын да эскертүү менен Бишкекте ушул күнгө чейин Т.Усубалиевдин ысымы бир көчөгө берилбей келатканы мунун айкын далили экенин айта кетүү жөн), ага М.Шеримкуловго окшогон кызматтан айдалгандар кошулуп, ал А.Масалиев бийликке келгенде партиялык көзөмөл комиссиясынын башчысы болуп, отко ого бетер май чачып, өч алуу максатында партиядан чыгарылып, орунсуз асылуулар менен дайынсыз дооматтар коюлуп жатканда Т.Усубалиев өзүнүн оппоненттерине документтерди пайдаланып, фактылар менен ишенимдүү аргументтерге таянып жооп берүү максатында азыркы А.Осмонов атындагы улуттук китепканада булактар менен муңбай иштеп жүргөндө көргөнүн, андан кийин парламентте чогуу иштешкенин эскерип, анын өрнөктүү адамдык сапаттарын белгилеп, мамлекеттик жана коомдук ишмер катары жогору баа берип, жандуу портретин тарткан. 


Бул китепке андан башка да кырктан ашык саясатчылардын, демократтардын, ишкерлердин жана замандаштарынын портреттери кирген. Убагында кыргызга төбөсү көрүнгөн бул инсандар менен иштешип, пикирлешип, санаалаш болуп, чогуу жүрүп, ошондон алган таасирлерине таянып, алар тууралуу портреттерди, эскиздерди жандуу, окумдуу кылып баяндаган. 


А.Асанканов менен биргелешип жазган “Межэтничесий конфликт в июне 2010 года на юге Кыргызстана” (Б.: 2023) аттуу эмгегинде каңырыш кабарлардын негизинде ар кандай субъективдүү пикирлер айтылып, талаш-тартыштын предмети болуп келген каргашалуу Июнь окуялары ар тараптан илимий аспектиден объективдүү каралып, калыс баа берилген олуттуу эмгек болуп саналат.


Ал эми “Татаал тагдыр, таза жол” (Б.: 2023) аттуу китебине элүүдөн ашык саясатчылардын, депутаттардын, илимпоздордун А.Эркебаевдин мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгү тууралуу пикирлери, адам катары портретин тарткан макалалар жана илимпоз, адабиятчы, сынчы сыпатында баа берген эмгектер, ошондой эле арноо ырлары кирген. 


Элибиздин руханий дүйнөсүн байыткан бул китептер илимдин дыйканы, академик Абдыганы Эркебаевдин адабият илимине, саясат таанууга, тарых илимине кошкон чоң салымын, ат көтөргүс бараандуу эмгегин кашкайта көрсөтүп, сөздүн чыныгы маанисиндеги академик экенин далилдеп турат. Анткени колго ала турган бир китеби жок, көзгө толумдуу бир иш кылбай, илимдин баркын кетирип, окумуштуулук даражага көлөкө түшүрүп, залакасын тийгизип, ар кандай ыплас жолдор менен бул наамды алып алган, бирок ага татыксыз, саны бар сапаты жок, шылуун, “самопал” академиктер бар экени коомчулукка бештен белгилүү эмеспи...


Философ Ж.Сааданбеков белгилегендей, “кайра куруу” мезгилинен бери бийликке аралашкан канча саясатчынын аты-жыты белгисиз, сайда саны, кумда изи калбай, дайынсыз кетишти. Абдыганы Эркебаев болсо дагы деле коомдук турмуштун чордонунда болуп, ага жигердүү аралашып, элдин көңүл борборунда турат. Анткени ал ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, эл менен бирге болуп, руханий лидерге айланып, эми минтип көзгө сүртөр дарыдай таңсык болгон китептерин чыгарып, миңдеген окурмандарына тартуулап отурат. Эл үчүн кара жанын карч уруп иштеген академик Абдыганы Эркебаевдин эмгектерине ак жол, байсалдуу сапар каалайбыз.


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн