Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:28
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Камчы Көлбаев депутат болуп шайланабы?

04.12.2020 09:29
2463
Камчы Көлбаев депутат болуп шайланабы?

Азия News гезитинин “Үкөк” рубрикасына Р.Раяпбаев атту жарандан Камчы Көлбаевди депутаттыкка шайлоо боюнча  кат келип түшкөн. Анда ал Камчы Көлбаевдин башынан көп сыноолор өткөнүн жана элге соопчулук иштерди жасап жүргөнүн да айтып өткөн.


Раяпбаевдин каты төмөнкүчө:


«Камчы Көлбаев жөнүндө эл арасынан жакшы эле сөздөрдү угуп жүрөм. Зонага кирген наркотрафикти токтоткон, Чолпон-Атага спортсмендерди эл аралык турнирлерге машыктыруучу чоң спорт сарай салган жана элге кылган башка да соопчулук иштери жөнүндө көп эле уккам.


Раматылык Дооронбек агабыз Жогорку Кеңештин трибунасынан чырылдап сүйлөгөн сөзү эсимде: «Рысбек, балакет болсоң дагы келчи, мен булар менен иштеше албай калдым!» деди эле.


Анын сыңарындай, эл-журт, Камчыны депутаттыкка шайлабайлыбы?


Башынан жамандык өткөн адам элдин көйгөйүн, түйшүгүн түшүнөт. Ансыз деле бийликте бир сыйра камалып чыккан саясатчыларыбыз отурат го, спикерликтен бери ээлеп.


Азыркы парламентте отургандар эл ачкабы-токпу, өлүп жатабы — иши жок. Алардын максаты болгону кресло талашмай…», -дейт аталган жаран.

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Азамат
Болсун
Бакыт
Болсун
Мая
Камчы жөнөкөй карапайым элге эч зыяны жок көпөстөрдү туура жазалап турсун кыргыздын сыймыктанар баатыры деп эле айтам болсун депутат жепутарлар жалканып турушсун .
Samira Zhailoobekova
Каршымын болбосун.
Таа
Во болот!